Ошто УКМК кармаган тергөөчү эсин жоготуп, ооруканага түштү

Ошто УКМК кармаган тергөөчү эсин жоготуп, ооруканага түштү

Ош облусунун Ноокат райондук милициянын тергөөчүсү кармоо учурунда эсин жоготуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, 26 жаштагы Т.У. аттуу тергөөчү кылмыш ишин козгобоо үчүн жарандан 30 миң сом пара опузалаган деп шектелүүдө. Аталган акчанын 10 миң сомун алып жатканда ал колго түшүрүлүп, далил заттарды (акчаларды) жок кылууга аракет кылган. Анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, пара катары алынган акчалар табылган. Ыкчам-тергөө иштери учурунда кармалган милиция кызматкери эсин жоготкон. Ага байланыштуу тез жардам чакырылып, ал Ноокат райондук ооруканага жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу экени кабарланды.

Атайын кызмат билдиргендей, медициналык текшерүүдөн жана дарылануудан өткөндөн кийин аны УКМКнын Оштогу тергөө абагына камакка алуу маселеси каралат.

Учурда тергөө уланып, аталган ишке тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>