Ошто Украинадагы согушка катышкан Аравандын тургуну беш жылга кесилди

Ошто Украинадагы согушка катышкан Аравандын тургуну беш жылга кесилди

Ош облусунун Араван райондук сотунун 10-майдагы өкүмүнө ылайык, Украинадагы согушка катышууга шектелген киши беш жылга соттолду. Бул тууралуу «Клооп» кабарлады.

Ал «Кыргызстандын жаранынын чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалга же согуштук аракеттерге катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфисациялоо менен беш жылга эркинен ажыратылган.

Бирок Конституциянын 30, ал эми Адам укуктарынын декларациясынын 75 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жазасынын өтөлө элек бөлүгүнүн үчтөн бири кыскартылды.

Ал сот өкүмү күчүнө киргенге чейин тергөө абагында болот, кийин жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Айыпталуучу райондук соттун өкүмүнө каршы облустук сотко доо арыз берип, учурда иш соттук кароодо экени айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>