Ошто опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтака караганда, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн «Женго» кайманаты аталган К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Г.У.Н. жана Н.А.А. кармалды. Алар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган кылмышты жасагандыгы боюнча мурда Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалган, бирок Г.У.Н. жана Н.А.А. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Бишкек жана Ош шаарларында жашырынып жүрүшкөн.
Г.У.Н. жана Н.А.А., мурда «каракчылык» беренеси боюнча бир нече жолу соттолушуп, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №43-колониясында каттоодо турушкан.
Кармалган Н.А.А., колонияга каттоого туруктуу келбегендигине байланыштуу, Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.
Учурда кармалгандардын мындан башка кылмыштарга тийешеси бар экендиги текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз