Алайдагы жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

Алайдагы жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 14-май күнү саат 03:09да  Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>