Ошто жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынын токтому кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, түштүктө жылуулук берүү өткөн жылдын 6-ноябрында башталган. Ош ЖЭБи 319 көп кабаттуу үйдү, 200 жеке үйдү, 88 мамлекеттик мекемелерди, 5 өндүрүш ишкананы жана 298 башка уюмдарды жылуулук менен камсыздады.