Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулат
05.03.2026 | 16:38

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бак курулат. Мындай тапшырманы мэр Жанарбек Акаев бир катар жетекчилер менен аталган дарыянын жээгинде жүргүзгөн рейд учурунда айтты.
Долбоордун алкагында жээктин 7 чакырым аралыгына веложол жана тротуар курулат. Ошондой эле 10 гектардан ашык аймак көрктөндүрүлөт жана жашылдандырылат. Мындан тышкары дарыянын жээгине сейил бактар жана скверлер курулат.
Бул долбоор шаардык инфратүзүмдү жакшыртуу жана жарандар үчүн шарттарды түзүү максатында ишке ашырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом