Оштогу чуулуу музыкалык окуу жайдын студенти бычакталды

Оштогу чуулуу музыкалык окуу жайдын студенти бычакталды

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 3-курсунун студенти бычакталып, ооруканага жеткирилди. Ал эми кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну кармалып, ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу «Kloop.kg» жазды.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя 29-январга караган түнү Аскар Шакиров көчөсүндөгү батирлердин биринде орун алган.

Жабырлануучу менен кармалган шектүү спирт ичимдигин ичип отуруп, чырдашып кеткен. Шектүү күтүүсүз жерден миздүү нерсе менен жабырлануучуну бөйрөк тарапка сайып жиберген, — деп билдиришти Ош ШИИБден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, далил буюм катары алынган миздүү нерседен жаракат алганын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле, шектүүнүн буга чейин «Тоноо» беренеси менен соттолгону жана шаардык сот тарабынан 2 жылдык пробация берилгени аныкталды.

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына мындан эки күн мурун эле Ильязбек Ташполот уулу директор болуп дайындалган. Ташполот уулу аталган кызматка бир нече чуулу окуялардан кийин Маданият министрлиги тарабынан дайындалган.

Буга чейин Маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Самара Каримованы 15-январдан тарта аталган окуу жайдын директорлугуна дайындаган. Буга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун ырчыны бул кызматка кайтаруу чечими себеп болгону айтылган.

Анткен менен соттун бул маселени карап чыгышында жана Маданият министрлигинин бул буйрукту чыгарганында бир катар юридикалык каталар болгон. Мындан сырткары Самара Каримова директор болчуларга коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген эмес.

Окуу жайдын кызматкерлери нааразычылык билдиргенинен улам Каримова 22-январда «өз калоосу» менен кетүүгө аргасыз болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>