Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазды
Оштогу сел 2 кызды дагы Өзбекстанга агызып кеткен
15.07.2024 | 15:50
Оштогу Төлөйкөн айылындагы “Мөл булак” эс алуу борборунда селге агып кеткен үй-бүлөнүн эки кызынын сөөгү Анжиян шаарынын Шахронсой сайынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
19 жана 10 жаштагы кыргыз жарандарынын сөөгүн Өзбекстандын куткаруучулары таап, өлүкканага жеткиришкен.
Белгилей кетсек, сел 7 жашар кызды дагы ушул эле сайга агызып келген. Алардын 44 жаштагы апасынын сөөгүн куткаруучулар бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгинен алып чыгышты.
Жергиликтүү медианын маалыматында, аял көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Үй-бүлөсү менен улуу кызын турмушка узатканы Ошко келишкен. Сел жүргөн күнү күйөөсү жана уулу үйдө калган.
ӨКМ дагы бир аялды издөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар