Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси реконструкцияланат

25.03.2026 | 17:15

25-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен маданият министри Мирбек Мамбеталиев «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Долбоорго ылайык, Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин имараттары толук жаңыланат. Иш-чара 12 бөлүктөн туруп, үч этап менен ишке ашырылат. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу сунушун киргизди.

Мындан тышкары, тараптар Алымбек датка тарабынан курулган Ак медресени калыбына келтирүү жана шаардагы көрүстөндөрдү иретке келтирүү маселелерин карашты.

Scroll to Top