Оштон Бишкекке он бээ уурдап бараткан топ кармалды. Алар жылкыларды сатууну же этке өткөрүүнү пландашкан

Оштон Бишкекке он бээ уурдап бараткан топ кармалды. Алар жылкыларды сатууну же этке өткөрүүнү пландашкан

Оштон Бишкек шаарына 10 бээни уурдап бараткан уюшкан мал уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Уурулар 4-январь күнү эрте мененки саат 05:00 чамаларында колго түшкөн.

Кармалгандар 1999-жылы туулган Б.Т, 1978-жылы туулган М.К, 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж.  Булардын ичинен бир адам гана мурда соттолгон эмес. Калгандары бир нече жолу соттолуп чыгышкан. Бирөө Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну, үчөө Ноокат районунун тургуну.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул топ уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынан сатууну же этке өткөрүүнү пландашкан.

Учурда шектүүлөр Ош ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтун башка ушул сыяктуу кылмышка тиешеси бар же жок экени тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.

Алынган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып берилип жатат. Алар убагында жылкыларын жок кыла электе ууруларды колго түшүрүшкөндүгү үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>