Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 19-декабрда 15 жашар кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чаралары башталган.
Анын алкагында 29-декабрда Бишкектин Ленин райондук милициясы аталган өспүрүм кызды борбор калаадагы “Ош” базардын аймагынан табышкан.
Учурда бул окуя боюнча тийиштүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.