Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Жеңиш майрамына карата Панфиловдун эстелиги оңдолуп, гүл коюлду
09.05.2025 | 15:33
Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгынын урматына легендарлуу Советтер Союзунун баатыры И. Панфиловдун эстелигине гүл коюу аземи болду. Эстелик толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Гүл коюу аземине Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Азыгалиев, билим берүү жана илим министринин орун басары А. Махметкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Жумагазиев, ошондой элеЧүй облусунун Панфилов районунун активи жана ардагерлери катышты.
Панфиловдун эстелиги Кыргыз-орус Славян университетинин демилгеси, депутат Азыгалиевдин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен толук оңдолгон. Мындан тышкары эстелик тургузулган парк көрктөндүрүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом