Оштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды

06.04.2026 | 11:29

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Алай» футболдук клубуна жаңы автобус тапшырды. Бул демилге спортту өнүктүрүү жана футболчуларды тийиштүү шарттар менен камсыздоо максатында ишке ашырылган.

Ош мэриясынын маалыматында, буга чейин аталган клубда транспорт жетишсиздигинен улам оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар болуп келген.

Клубдун өкүлдөрү көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыктарын айтып, бул колдоо жаңы ийгиликтерге жол ачарын билдиришкен.

Scroll to Top