Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Оштун мэри катуу сөгүш алганы боюнча үн катты
25.09.2025 | 13:05

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровдон катуу сөгүш алганы боюнча комментарий берди.
«Президенттин сын пикирин кабыл алдым. Иштеш керек, иштеп жатам», – деди Токторбаев.
Эске салсак, 16-сентябрда мамлекет башчысы аны этика ченемдерин талаптагыдай сактабагандыгы үчүн катуу сөгүш менен жазалаган.
Андан кийин социалдык тармактарда президент мэрге унаа белек кылды деген маалымат тараган. Бирок президенттин администрациясы бул боюнча билдирүү жасаган эмес.