Зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жатат
Өтмөк менен Төө-Ашууга кар түштү: айдоочуларга эскертүү берилди
27.09.2025 | 14:04

Бүгүн, 27-сентябрда Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусуна жана Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашууга кар жаады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдагандай, № 9 жана № 36 жол тейлөө ишканалары инерттик материалдарды себүү жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда жол каттамы ачык.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу жана 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында айдоочуларга кайрылып, унааларынын дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга өз убагында алмаштырып алууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом