Өзбек бийлиги Оштогу Бабур театрынын курулушун көрүп чыкты

Өзбек бийлиги Оштогу Бабур театрынын курулушун көрүп чыкты

Бүгүн, 21-февралда Өзбекстандын Маданият жана туризм министринин орун басары Баходир Ахмедов Ош шаарына иш сапары менен келди. Аны Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тосуп алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Иш-сапардын жүрүшүндө жетекчилер Ош шаарында курулуп жаткан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын курулуш иштери менен таанышып, андан соң эки тараптуу жолугушуу менен уланды.

Жолгушуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн маданий мекемелеринин катышуусунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын салтанатуу ачылышына карата даярдыктар талкууланып, аны ачуу сценарийи сүйлөшүлдү.

Тарыхы жана орток маданияты бир эки мамлекеттин маданий агартуучу иш- чараларын уюштуруп өткөрүү белгиленип, театрды расмий ачуу аземин жакынкы арада Дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашуу чечилди.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрын реканструкциялоо иштери башталган. Долбоор үчүн жалпы эсеп менен 5 млн $ акча бөлүнгөн. Реконструкциялоо иштери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Тэги: бабур

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>