Борбордук аскер округунун 201-орусиялык аскер базасынын бөлүктөрү Өзбекстанга «Хамкорлик-2025» аттуу биргелешкен тактикалык машыгууларга катышуу үчүн келишти. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Аскерлер Тажикстан менен Өзбекстандын тоолуу аймактары аркылуу аскердик жана атайын техникалар менен жүрүш жасашты.
Маршруттун узундугу 300 чакырымдан ашты. Аскерлер БТР-82А бронетехникасында, «Урал» жүк ташуучу унааларында жана КАМАЗ базасындагы техникаларда тоолуу жолдордун кыйын тилкелерин басы өтүштү. Машыгуулар 15–21-июль күндөрү өтөт.