Өзбекстанда пенсия курагы көтөрүлүшү пландалууда

Өзбекстанда пенсия курагы көтөрүлүшү пландалууда

Өзбекстанда пенсияга чыгуу курагы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты билдирди.

Өлкө бийлиги мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу жана пенсиялык системаны демографиялык өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу үчүн пенсия курагын көтөрүүнү каалап жатканы белгиленген.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда аялдар 55, эркектер 60 жашта пенсияга чыгышат. Эл аралык валюта корунун кеңсесинин башчысы Коба Гвенетадзенин айтымында, бул көрсөткүчтөр эл аралык стандарттардан төмөн. Ал эми реформа болсо, ЭВФ бийликке техникалык колдоо көрсөтөт.

«Пенсия төлөмдөрү мамлекеттик чыгашалардын бир бөлүгү болуп саналат жана демографиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен реформа жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек.

Коба Гвенетадзе пенсия курагын акырындык менен жогорулатуу максатка ылайыктуу экенин, бирок концепцияны бекитүү керектигин баса белгиледи.

Маалым болгондой, буга чейин республикага пенсия курагын 65 жашка чейин көтөрүү сунушталган. Бирок пенсиялык фонд азырынча буга муктаждык жок экенин айтып, өзбектерге бул боюнча кабатыр болбоону сунуштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>