Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Өзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды
17.03.2026 | 09:42

Айыл чарба министрлиги Өзбекстандан импорттолгон 82 миң 830 даана көчөт артка кайтарылганын билдирди.
Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык постунда жүргүзүлгөн текшерүүдө продукциянын таңгагында маркировка жок экени аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында товардын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу жана реэкспорттоочу өлкө жөнүндө маалыматтар камтылган маркировка болушу шарт.
Жүктү маркировкасыз алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналгандыктан, көчөттөр импорттоочу өлкөгө кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика