Ош шаарына Өзбекстандан гумжардам келди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аны Анжиан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов алып келди.
13 унаа менен 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.
Шоятбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.