Өзбекстандык Centrum Air компаниясынын учагы Ташкент-Бишкек багытында каттай баштады

Өзбекстандык Centrum Air компаниясынын учагы Ташкент-Бишкек багытында каттай баштады

Бүгүн, 24-июнда Centrum Air компаниясы Ташкенттен Бишкекке биринчи каттамы ишке ашты. Учак «Манас» эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эми каттам жумасына эки жолу, шейшемби жана жума күндөрү жүргүзүлөт.

«Муну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жеткиликтүү болуп, саякаттоого да ыңгайлуу болот»,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>