4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдө
Өзгөндө өрт кырсыгы катталды
09.02.2025 | 08:59
Өзгөн районунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалыматка караганда, 9-февралда түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.
Өрттүн кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын (военкоматтын) кампа имаратынын чатыры күйгөн.
Учурда Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы окуя болгон жерде иш алып барууда.
Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар