“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматын тапшырарын бүгүн, 12-февралда, парламенттин жыйынында жарыялады.
Төрага өз билдирүүсүндө бул чечимди жеке өзү кабыл алганын жана ага эч кандай басым-кысым болбогонун баса белгиледи. Анын айтымында, кызматтан кетүү кадамы өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо максатын көздөйт.
“Саясий маданият болушу керек, эч кандай бир ызы-чуусу жок, ар кандай бир бүдөмүк ойлорго талкуу жаратпастан, мен өзүм ушундай чечим кабыл алдым. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим”,- деп билдирди ал.
Нурланбек Тургунбек уулу 2022-жылдын 5-октябрынан бери парламентти жетектеп келгенин жана бул мезгил аралыгында мыйзам чыгаруу органынын кадыр-баркын арттырууга, мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга салым кошконун билдирди. Ошондой эле ал кыргыз элине жана мамлекетине кызмат кылууну уланта турганын кошумчалады.
Ошондой эле Төрагалык кызматтан кеткенден кийин ал Жогорку Кеңештин депутаты катары ишмердүүлүгүн улантарын кошумчалады. Жыйындын соңунда ал өзүнө ишеним көрсөткөн депутаттардын курамына жана парламенттин аппаратына ыраазычылык билдирди.