Орусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталууда
Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндө
12.02.2026 | 10:17

Бүгүн, 12-февралга карата кардын тынымсыз жаашынан улам Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө күчүндө калууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Мекеме жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп, толук көзөмөлгө алынганын билдирди.
“Азыркы тапта өлкөнүн ашууларында кар майдалап жаап жатат. Тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилип, тазалоо иштери жүрүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом