Пакистан Кыргызстандын 4 медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан Кыргызстандын 4 медициналык окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан Кыргызстандын 4 медицина окуу жайын кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтында маалымдалат.

Алар, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА), Эл аралык жогорку медицина мектебин, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университети.

Маалыматка ылайык, Пакистандын лицензия берүү боюнча комиссиясы аталган университеттер берген дипломдорду мындан ары тааныйт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын бардык медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын жарандары тапшырууга сунушталбаган ЖОЖдордун кара тизмесине киргизилген. Мунун себеби Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдору өз өлкөсүндө таанылбай жана алардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатканында болгон. Жетекчилик жаралган кырдаалды Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырган болчу.

Бул маселени чечүү үчүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрүп, аларга бир катар тапшырмаларды берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>