Пакистан менен Ооганстандын ортосунда аскердик кагылышуу күч алды

27-февралга караган түнү Пакистандын куралдуу күчтөрү Ооганстандын бир нече шаарларына, анын ичинде борбору Кабулга, ошондой эле Пактия жана Кандагар провинцияларындагы объекттерге абадан сокку урду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.
Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу бир нече айга созулган куралдуу кагылышуулардан кийин эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чыңалуу «ачык согушка» айланганын билдирди.
Пакистан өкмөтүнүн өкүлү Мошарраф Заидинин бул аракеттер Ооганстан тараптан жасалган кол салууларга жооп болуп саналарын билдирди. Пакистандык тараптын маалыматына ылайык, талибдердин 27 посту жок кылынып, 9у басып алынды, 36дан ашык оор куралдары, ошондой эле 133дөй жоокери жок кылынды.
Ал эми Ооганстандын Коргоо министрлиги жана «Талибандын» өкүлү Забихулла Муджахид чек арадагы бекеттерге масштабдуу чабуул жасалганын ырасташты. Алардын маалыматы боюнча, Пакистандын 55 аскери өлтүрүлүп, айрымдары туткунга алынды, ошондой эле Ооганстандын аба мейкиндигинде пакистандык аскердик учак атып түшүрүлдү.
Эки өлкөнүн мамилеси 2025-жылдын күзүнөн тарта кескин начарлаган. Пакистан Кабулду өз аймагында теракттарды ишке ашырган «Техрик-е-Талибан Пакистан» (ТТП) тобуна баш калка берүүдө деп айыптап келет. 2025-жылдын октябрында Катар жана Түркиянын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлгөнү менен, тараптар туруктуу тынчтыкка жетише алган эмес. Тирешүүнүн негизги себептеринин бири катары 1893-жылкы «Дюранд сызыгына» байланыштуу чек ара талашы белгиленүүдө.