Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдириштиБугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жанданды
Төө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду
27.02.2026 | 10:40

27-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн баштап Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунда) оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар жана жолдор ачык. Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом