Пакистанда жүрүп бараткан поезд өрттөнүп, 62 адам каза болду (видео)

Пакистанда жүрүп бараткан поезд өрттөнүп, 62 адам каза болду (видео)

Пакистандын Пенджаб аймагында поездден чыккан өрттөн 62 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Geo TV телеканалы кабарлайт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт тамак жасоо үчүн колдонулган газ балондон чыккан. Күбөлөрдүн айтымында тилсиз жоо адегенде 3 вагонго жайылып, андан ары калган вагондорго өткөн.

Пакистандын темир жол министри Шейх Рашиддин айтымында, адамдардын көпчүлүгү поездден секирген учурда каза болгон.

«Tezgam» деп аталаган ылдам жүрүүчү поезд күн сайын  Карачи аймагынан Равалпинге каттайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>