Миң чакырымдан ашык: Быйыл Кыргызстанда кайсы жолдор оңдолот?«Алтын-Булак» санаторийи жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылдыМАР Кыргызстанда балдар бакчаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө 6,36 млн доллар бөлөтӨлкөдө кенелердин активдүүлүгү башталды. Жыл башынан бери кене чаккан 17 учур катталдыБишкектин тургундары Скрябин көчөсүндөгү жөө өтмөктүн ыңгайсыздыгына даттануудаКРда батирлерге чет өлкөлүктөрдү каттоонун санына чектөө киргизүү көздөлүүдө
Пакистандан келе жаткан 21 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жок
26.12.2025 | 10:41
Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл пунктунда Кытай аркылуу Пакистандан ташылып келе жаткан 21,8 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анда ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер туура эмес болуп чыккан, ошондой эле жүктү ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.
Мындан улам жүктү кайра артка жөнөтүү чечими кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика