Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, дарыланууда. Бул тууралуу “Ала-Арча” мемлекеттик резиденциясындагы ЖК жыйынына келген Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Репортердун” кабарчысына билдирди.
Улан Ниязбековдун айтуусунда Памир Асанов учурда дарыланууда. Министрдин башка орун басарлары кадимкидей өз орундарында иштешүүдө.