Памирде жашаган 10 кыргыз үй-бүлө Алайга көчүп келди

Памирде жашаган 10 кыргыз үй-бүлө Алайга көчүп келди

Афганистандын Памир аймагында жашаган 10 кыргыз үй-бүлө Алай районунун Сары могол айылына көчүп келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Раимбек Мамасеитов Фейсбук баракчасына жазды.

“Айыл тургундары келген конокторго эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого ылайыкташтырып, келген туугандарды жылуу кабыл алышты. Ошондой эле жылуу кийим, азык-түлүк ж.б. жашоодо керек болгон буюм-тайымдар менен жардам берип жатышат. Өмүр бою өз мекенин эңсеп келген боордошторубуздун жашоосуна татыктуу шарт түзүп бере алсак болгону”, — деп жазган Мамасеитов.

Белгилей кетсек 2017-жылы Памирде жашаган  бир нече кыргыз үй-бүлөсү Нарын облусуна көчүп келген.

[su_image_carousel source=»media: 16812,16811,16810,16809″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>