Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалды

13.03.2026 | 10:31

УКМК мурда судья кызматын ээлеген А.К.А. аттуу жактоочу пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, жактоочу өзүнүн кызматтык абалын жана байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарууга көмөктөшүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурган. Ал жабырлануучу тараптан алгач 25 миң доллар акча алып, андан кийин дагы 7 миң доллар талап кыла баштаган. Жабырлануучу баш тарткан учурда ал соттун чечимин каршы тараптын пайдасына чыгаруу менен коркуткан.

Ыкчам иштердин натыйжасында жактоочу талап кылган каражаттын бир бөлүгүн, тактап айтканда 437 миң 500 сомду (5 миң доллар) алып жаткан учурда кармалган.

Учурда жактоочу соттун чечими менен эки айлык мөөнөткө тергөө абагына камакка алынды. Бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top