Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Пара жеңил атлетика: Кыргызстандык эки спортчу лицензиялык мелдешке катышууда
04.06.2024 | 18:20
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча эки спортчусу Паралимпиадага лицензия ойнотулган “Дүйнө Гран-При” мелдешине катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Швейцариянын Ноттвил шаарында өтүүдө. Турнир 2-июнда башталган, 9-июнда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
– Жалалидин Абдувалиев (жөө күлүк), Илья Тяпкин (коштоп жүрүүчү);
– Гүлназ Жүзбаева (жөө күлүк), Юлия Фернас (коштоп жүрүүчү).
Спортчулар мелдешке башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында катышууда.
Эскерте кетсек, Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.