Париж — 2024. Спортчулардын Олимпиаданын ачылышына кийе турган кийими даяр

Париж — 2024. Спортчулардын Олимпиаданын ачылышына кийе турган кийими даяр
Сүрөттө Монголия жана Казакстандын спортчуларынын параддык формасы

Парижде 26-июлда баштала турган Эл аралык олимпиаданын ачылуу аземине карата спортчулардын параддык формасы даяр болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов билдирди.

Аны Бишкектеги «Модный дом» шоурумунун дизайнерлери даярдашкан. Кийимдин презентациясы 21-июлга пландалууда. Ага чейин сүрөттөрүн жарыялоого уруксат  берилбейт.

Парижде өлкө туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Олимпиадага 16 кыргыз спортчусу катышат.

Буга чейинки үч Олимпиадага параддык форманы белгилүү дизайнер Дилбар Ашимбаева тиккен. Анын акыркы 2022-жылы Токиодогу мелдешке даярдаган эмгегине сын айткандар басымдуу болгон. Анда бир формага 95 миң сом жумшалганы маалымдалган.

АКШ, Австралия, Казакстан, Япония, Өзбекстан жана башка өлкөлөр олимпиадалык формасын көрсөтүштү. Казакстандыктарга спортчуларынын кийими жакпай, сындар айтылууда. Ал эми иш чараны өткөрүп жаткан Франциянын билеги күчтүүлөрү «Берлути» мода үйүнүн чеберлеринин колунан чыккан форманы кийишет.

Монголиянын спортчуларынын кийими көпчүлүктүн купулуна толуп, Michel&Amazonka чеберлеринин эмгегине башка мамлекеттер дагы суктанууда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: олимпиада

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>