Парижде француз тилине которулган “Кыргыздар” китебинин бет ачары өтөт

18.09.2025 | 19:00

19-сентябрда Франциянын борбору Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында Чыңгыз Айтматовго арналган биринчи эл аралык конференция өтөт. Анда француз тилинде жарык көргөн “Кыргыздар” китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзу кабарлады.

“Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: дүйнөнү бириктирген жалпы мурас” аттуу эл аралык конференцияны Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлчүлүгү ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте уюштурууда.

Китептин автору – Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев. Китеп буга чейин орус, англис, немис, араб, кытай, корей, түрк, азербайжан жана фарси тилдерине которулган.

“Кыргыздар” китебинде кыргыз элинин аңгемелери, каада-салттары, генеалогиялык маалыматтары жана руханий маданияты, фольклору, көп улуттуу Кыргызстандын шартында кыргыз элинин эволюциясын чагылдырган баалуу тарыхый материалдар камтылган.

Scroll to Top