Парламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп тапты

14.02.2026 | 12:30

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо тууралуу токтомун жокко чыгарды. Ошондой эле аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп тапты.

Ошентип төмөнкү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттары болуп шайланды деп таанылды:

  • Алтынбеков Айбек;
  • Мамытов Талант Турдумаматович;
  • Карабекова Айгүл Асановна.

Мындан тышкары талапкер Б.У. Сыдыковго берилген добуштар жараксыз деп таанылды.

БШК бул чечимди талапкерлердин арызын жана Ички иштер министрлигинин маалыматтарын карап чыккандан кийин кабыл алганын билдирди.

“Иликтөөнүн жүрүшүндө айрым шайлоо участокторунда видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган. Бирок аталган фактылар жеке мүнөзгө ээ болуп, округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына жана мандаттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир эткен эмес деп табылды”,- деп билдирди комиссия.

2025-жылдын 30-ноябрында парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрда, №13 шайлоо округу боюнча шайлоону жараксыз деп тааныган. Буга бул округга караган 35 шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар себеп болгону айтылган.

Боршайком №13 округ боюнча кайрадан шайлоо өткөрүү тууралу чечим кабыл алып, ал ушул жылдын 1-мартында өтмөк.

Scroll to Top