Кыргызстанда парламенттин VI чакырылышы ишин улантат, кийинки чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарына кириши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 22-декабрдагы комиссиянын жыйынында депутаттарды каттоо соттук териштирүүлөрдөн улам токтотулганын билдирди.
«Бир округда үч соттук процесс, бир мандаттуу округда дагы соттук териштирүү бар. Ошондуктан биз Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо маселесин убактылуу токтотуп турабыз»,-деди Шайлдабекова.
VII чакырылыштын депутаттары качан иштей баштаары азырынча так дата белгисиз. Депутат Дастан Бекешев алар кийинки жумада биринчи сессияга чогулат деп эсептейт.