Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Патрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар бар
27.10.2025 | 21:05

Бишкекте кызматтык унаадагы милиция кызматкери жеңил унаа менен кагылышканын укук коргоо органдарынын булагы Reporter.kg басылмасына билдирди.
Кырсык 24-октябрга караган түнү саат 1:50 чамасында Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кайгуул милициясынын кызматкерлери кармалган адам менен батышты көздөй бара жатышкан,
Унаанын атайын жарыктары күйүп турган, бирок үн сигналы иштеген ю эмес жана жол чырактын кызылына карабай өтүп кетишкен.
Белгиленгендей, Элебаев көчөсү менен кесилишкен жерде алар Hyundai Accent унаасы менен кагылышкан.
Кырсыктан Hyundai унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алышкан.
Ал эми, Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берерин убада кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар