Украинанын экс-президенти Петр Порошенко үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу «Украинская правда» интернет басылмасы ишенимдүү булагына шилтеме берип жазганын «Марал» жазып чыкты.
Маалыматта Порошенко мамлекетик күзөт кызматынан баш тартып, үй-бүлөсү менен Түркияга учуп кеткендиги жазылат.
«Анын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү мурунку жумада Украинадан чыгып кеткен. Үй-бүлөсүнүн калган бөлүгү өзү менен чогуу ушул жекшемби күнү Стамбулга учуп кетишти», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле маалымат булактары Порошенконун мамлекеттик күзөт кызматынан баш тартканын да жазышкан.
Белгилей кетсек, 31-мартта жана 20-майда Украинада 2 жолу президенттик шайлоо болуп, 30-майда Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 73, 22 %ынын колдоосу менен расмий түрдө Зеленскийди жеңүүчү деп таап, Порошенко жеңилип калган болчу.