Учурда өкмөт башчынын милдет аткарып жаткан биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көпчүлүк коалициядан премьер-министрликке талапкер катары тандалып алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришүүдө.
Буга чейин аталган кызматка Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев каралып жатканы айтылган.
Белгилейт кетсек, кечээ, 15-июнь күнү кечинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Ал радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирген.