Президент өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартты

Президент өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

Белгилей кетсек, 25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген эле.

14-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 430 учур катталды. Алардын ичинен 71 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 5 киши каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>