Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-январда Афганистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганына токтолду.
Мындан сырткары эки-өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.