Президент агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди

Президент агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде социалдык тармактарга тараган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди.

Журналист президентке анын агасы кармап түшкөн сүрөт боюнча суроо узаткан.

«Сүрөт боюнча, мен тактадым. Түркияда түшкөн сүрөт экен. Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да). «Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн. Чамасы, бизди дүйнөлүк биржада алтыныбызды сата албай калат деп ойлошсо керек. Бирок жыл айланбай эле LBMA менен көйгөйүбүздү чечип алдык», — деди ал.

Анын айтымында, түркиялык компания сатып ала турган баа арзан болгондуктан, алтын аларга сатылган эмес.

«Алтындар бир жылдан бери сатылбай чогула берген. «Кыргызалтын» аркылуу бир гана Улуттук банк сатып алып турган. Эми LBMAдан андай чектөөлөр алынып салынды. Буюрса, дүйнөлүк биржада эң жогорку баа менен сатабыз. Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат. Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым «мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен» дешип, сарсанаа боло башташат. Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болушканы эсимде. Ошол мезгилде, «балким жардамым тийип калабы» деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес. «Кумтөрдүн» алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес», — деди ал.

Ал билдиргендей, бардык эле өлкөлөрдө чет өлкөдөн келген конокпу, инвесторбу президенттин жакындарына чыга беришет.

«Мындай иштер буга чейин да болуп келген. Мурдакылардын катасы жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырып жибергенинде болгон. Мен андайга жол бербейм. Кайда, канчадан сатсак болорун агамдын жардамы жок эле, мамлекет өзү билип алат. Президент болуп бир мөөнөт олтурамбы, эки мөөнөт олтурамбы, кыскасы, мөөнөтүм бүткөндөн кийин жер карабай, башты бийик көтөрүп жүргөндөй болуп кетем», — деди ал.

Эскерте кетсек, 7-сентябрда президенттин агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Ал сүрөт социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкууланып, ар кандай божомолдор айтыла баштаган. Ага байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берген. Анда ал сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын билдирген. Кийинчерээк ал өз түшүндүрмөсүндө жылдарды туура эмес жазып алганын, бирок сүрөт эски экенин белгилеп, толук маалымат кийинчерээк берилерин жазган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>