Президент Аравандагы үгүт учурундагы окуяга көңүл бурду

Президент Аравандагы үгүт учурундагы окуяга көңүл бурду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоо жана бизнесмендерге жеңилдетилген насыяларды берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, жакынкы күндөрдө жер көчкү болгон Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине баруучу жол ачыларын маалымдады. Учурда көмүр башка маршрут менен ташылып жатат.

Муну менен катар өкмөт башчысы Ош облусунун Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан иш-чара маалында чыккан калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө дыкат иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кубатбек Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван ИИБисинин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван ройонундагы окуя боюнча Өкмөттүн  көз карашын колдоого алды. Келечекте мындай окуяларга жол бербөө  максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>