Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн арыз берген эки адам документтерин кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Талапкер болуу үчүн берген документтерин кайтарып алуу үчүн 3-декабрда БШКга арыз бергендер Акжолтой Тукунов менен Арсланбек Малиев.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт. Президент болом деген талапкерлердин саны 63төн 43кө азайды.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болуу үчүн арыз бергендер мыйзамга ылайык, 4-декабрга чейин 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колун жана 1 млн сом 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн бериши керек.