Президент добушту сатпай, туура тандоо жасоого чакырды

30.09.2025 | 22:19

Президент Садыр Жапаров бийлик таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзгөнүн айтып, эми жарандарга адилет добуш берүүнү үйрөнүү керектигин билдирди.

«Добушуңузду сатпаңыздар. Эгер талапкер «добуш сатып алам» деп келсе, аны элдин көзүнчө алып чыгып, уяткарыңыздар, андайга кайрадан кол берилбесин. «Жол, мектеп, бала бакча курам» же «асмандан айды алып берем» деген убадаларга ишенбеңиздер.

Депутат курулуш менен алектенбейт — ал мыйзам жазат, аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, округдагы көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт.

Эгер депутат добушуңузду сатып алса, ал сиз үчүн же мамлекет үчүн иштебейт — беш жыл бою өзүнө гана иштейт, шайлоого кеткен акчасын кайра табат. Добушуңузду сатсаңыз, беш жыл бою аны округуңузда көрө албайсыз», — деди Жапаров.

Президент ошондой эле экинчи түрдөгү талапкерлер да болорун эскертти: алар жакшы сүйлөп, сөз менен гана мамиле кылат, бирок иш жүзүндө эч нерсе кыла албайт. Мындай талапкерлерден сак болууну суранды.

«Бул шайлоодо «баягыларды» тандабаңыздар, андан кийин беш жыл бою «депутаттар иштебейт» деп нааразы болбоңуздар. Кимди тандасаңыз, ал беш жылдык депутат катары сиздин өкүлүңүз болот. Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кирип, миллиондорду төлөп, тааныбаган адам депутат болчу системасы жок. Эми депутаттарды түздөн-түз өз катарыңыздан тандайсыздар. Биз, бийлик, «эл өзү талапкерди тандайт» деп бардык шарттарды түздүк. Эми туура тандоо жасап, анан добуш бериңиздер», — деп кошумчалады президент.

Scroll to Top