Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
ӨКМ жолго чыгып жаткан айдоочуларга эскертти
01.10.2025 | 09:46

Өлкөдө күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жана айдоочуларга айрым жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды.
ӨКМ жарандарга зарылдык болбосо, алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып турууну сунуштады. Ошондой эле жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алууну унутпоо керектигин билдирди.
Ал эми айдоочуларга кар жаап, тайгак болсо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону эскертти.
Кырсык катталган учурда жарандар 112 бирдиктүү номерине күнү-түнү акысыз байланышса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом