Президент Элдик курултайда Кемпир-Абад тууралуу сөз кылды

Президент Элдик курултайда Кемпир-Абад тууралуу сөз кылды

Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды бурмалап, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абал жаратууга ниеттенгендердин аракети ишке ашкан жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кемпир-Абад маселеси боюнча оюн айтып жатып билдирди.

Ал сөз башында чечилбеген чек аранын айынан жарандар каза болуп жатканын айтып, учурда Кыргызстан коңшу үч өлкө менен чек араны такташып алганын, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү иштери жүрүп жатканын айтты.

«Кемпир-Абад боюнча ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бердик», — деди ал.

Жапаров билдиргендей, чек ара маселеси эки жол менен гана чечилет.

«Бири  — тынчтык жолу менен сүйлөшүп, тил табышып же алмашуу жолу. Экинчиси — согушуп жеңип алуу. Бул дүйнөдө байыртан келе жаткан кеңири тараган ыкма. Чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясына бекем туруп келет жана мындан ары ушундай позицияны карманат. Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап элдин аялуу сезими менен ойноо менен жеке кызыкчылактарын ишке ашырууну көздөп туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого нитеттендердин аракеттери ишке ашкан жок», — деди ал.

Кемпир-Абад: Парламент Өзбекстан менен болгон келишимди жактырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>