Кемпир-Абад: Парламент Өзбекстан менен болгон келишимди жактырды

Кемпир-Абад: Парламент Өзбекстан менен болгон келишимди жактырды

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды.

Жыйында аталган мыйзам долбоорлору 64 депутат «макул», 18 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Эми аталган документтер президенттин кол коюусуна жиберилет.

Парламенттин жыйынына президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Добуш берүүдөн кийин өлкө башчы Өзбекстан менен болгон келишимди колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Кырызстандын атынан өкмөттүк делегацияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимге ылайык, Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда. Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.

Буга чейин Өзбекстандын парламенти Кыргызстан менен болгон келишимди ратификациялаган.

Кемпир-Абад: Каршы добуш берген депутаттардын тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>