Президент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айтты

25.12.2025 | 16:34

Өлкө башчы Садыр Жапаров кийинки жылдын апрелинен тарта мугалим-дарыгерлердин айлык акылары 100%га көтөрүлөрүн билдирди. Мындан тышкары маданият, спорт жаатындагы кызматкерлердин жана тейлөөчү персоналдын маяналары жогорулатылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик курултайдагы кайрылуусунда айтты.

Президенттин айтымында, буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев айлык акылар 50%га көтөрүү пландалып жатканын билдирген, бирок талкуулардын жана бюджетти кайра кароонун жыйынтыгында эмгек акыны орточо эсеп менен 100%га көбөйтүү чечими кабыл алынган.

Ал жогорулатуу президенттик компенсациялык төлөм түрүндө 15 миң сом өлчөмүндөгү кошумча ставканы киргизүү аркылуу камсыздалат.

Мугалимдердин айлыгы канчага жогорулайт

Өлкө башчы учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом экенин, көбөйгөндөн кийин ал 52 миң сомдун тегерегин түзөрүн айтты.

Анын айтымында, мугалимдердин айлыгы алардын билим деңгээлине, иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмүнө жараша аныкталат.

  • Шаарда педагогикалык орто билими бар, стажы жок жаңы мугалимдин айлыгы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта 36 800 сом болуп, салык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна 31 200 сомдун тегереги тийери айтылды.
  • Алыскы тоолуу райондо (райондук коэффициент 1,8), 30 жылдан ашык стажы бар математика мугалиминин айлыгы учурда 65 800 сом, ал эми 1-апрелден тарта 97 600 сом болору көрсөтүлдү.

Дарыгерлердин маянасы канчага көтөрүлөт

Садыр Жапаровдун айтымында, азыр дарыгерлердин орточо айлыгы 31 500 сом, ал көтөрүлгөндө 62 500 сом болорун билдирди.

  • Шаарда тажрыйбасы жок, бир ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы азыр 16 900 сом, көбөйгөндөн кийин 42 100 сом болуп, колуна 35 500 сом аларын айтты.
  • Алыскы тоолуу аймакта жогорку квалификациялык категориясы бар, 30 жылдык иш тажрыйбасы менен бир ставка иштеген дарыгердин айлыгы 91 700 сом болуп, колуна 75 700 сомдун тегерегинде таза каражат тийери белгиленди.

Маданият, спорт жана тейлөөчү персоналдын да айлыгы жогорулайт

Президент ошондой эле маданият жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы да жогорулай турганын билдирди:

  • артисттердин орточо айлыгы учурда 20 700 сом, 1-апрелден тарта болжол менен 46 500 сом болуп, колуна 39 миң сомдун тегерегинде тийери айтылды;
  • машыктыруучунун орточо эмгек акысы көбөйгөндөн кийин 58 900 сом болуп, таза 45 миң сомдун тегерегинде аларын билдирди.

Мындан тышкары, техникалык жана тейлөөчү персоналдын маянасы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта кошумча бир ставка үчүн 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралып, орточо эсеп менен 80%га көбөйөрү белгиленди.

Scroll to Top